Олимпиада оюндарына катышчу Максим Гордеевге өлкөнүн туусу тапшырылды

  • 2 года мурун

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 28-январда, өлкө Президенти Садыр Жапаровдун атынан спортчу Максим Гордеевди алдыда Пекинде өтүүчү Кышкы Олимпиада оюндарына катышуусу менен куттуктады.

“Сиздер Кыргыз мамлекетинин туусун бийик көтөрүп, ийгилигиңиздер жалпы Кыргызстан элинин улуу жеңиши болот деп ишенебиз. Биз сиздин спорттук жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Президент Садыр Жапаров сиз кандай татаал жолду басып өтөрүңүздү билет жана чын жүрөктөн ийгиликке үмүттөнөт” деди мамлекеттик катчы.

Жолугушуу соңунда мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов спортчу Максим Гордеевге Кыргыз Республикасынын туусун тапшырып, дагы бир жолу спортчуга ийгилик жана жеңиштерди каалады.

Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышат.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегени. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу — Игорь Борисов.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты