XXV кышкы Олимпиада: Кыргызстандан Тимур Шакиров менен Артур Сапарбеков катышат
- 2 месяца мурун
6-февралдан 22-февралга чейин Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча Тимур Шакиров жана лыжа жарышы боюнча Артур Сапарбеков катышат.
Мелдештердин программасына ылайык, Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.
Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде (коньки тебүү ыкмасы менен) өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.
Экипировкалар эл аралык стандарттарга жана кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыгып, спортсмендердин мелдеш маалындагы ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүүсүн камсыздоого багытталган.
Ак түстөгү экипировка — сыйга кийүүгө, ал эми кочкул көк түстөгү форма машыгууга арналган. Параддык форма улуттук баш кийим — ак калпак менен толукталат.
Спорттук жана параддык экипировка Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Улуттук олимпиадалык комитетинин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды.





Сүрөттөр: Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги




