Садыр Жапаров Бээжинде Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты
- 9 месяцев мурун
- Фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-сентябрда, Кытайга иш сапарынын алкагында ардактуу конок катары Пекин шаарындагы Тяньаньмэнь аянтында Экинчи дүйнөлүк согуштун аякташынын жана андагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышты. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Парадга ошондой эле чет өлкөлөрдүн 20дан ашуун мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.
Иш-чаранын алдында делегация башчылары Император сарайынын жанында биргелешип сүрөткө түшүштү.
Андан соң лидерлер Тяньаньмэнь аянтындагы парадга катышуу үчүн байкоо аянтчасына жөнөштү.
Салтанаттуу жүрүштүн башында мамлекеттик тууларды көтөргөн аба эшелондору учуп өттү. Андан кийин жөө аскерлердин параддык бөлүктөрү, аскердик желектерди алып жүргөн бөлүктөр жана Кытайдын аскердик техникаларынын колонналары өтүштү. Парадды аскердик учактардын эскадрильясынын учуусу аяктады.












Сүрөттөр: president.kg




