Кышкы Олимпиада оюндары расмий ачылды
- 2 месяца мурун
XXV кышкы Олимпиада 6-февралдан 7-февралга караган түнү Италиянын борбору Милан шаарында, “Сан Сиро” стадионунда ачылды.
Олимпиадалык отту италиялык спортчулар — тоо лыжачылары Алберто Томба жана Дебора Компаньони жандырышты. Биринчи жолу Олимпиада оту бир учурда эки шаарда Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында жандырылды.
Олимпиадага катышуучулардын парады Италиянын үч шаарында Кортина-д’Ампеццо, Предаццо жана Ливиньо шаарларында да уюштурулду.
УТРК биринчи жолу Олимпиаданы түз эфирде алып көрсөттү.
Олимпиаданын ачылышынын музыкалык бөлүгүндө Вивальди, Россиниден баштаган классикалык музыка жана учурдагы ырчылар Мэрайя Кэри жана рэпер Гали, ал эми аяк жагында Андреа Бочелли Пуччининин “Турандот” операсынан үзүндү аткарды.
XXV кышкы Олимпиада оюндары Италияда 6-февралдан 22-февралга чейин созулат. Мелдештер Италиянын Милан, Кортина-д’Ампеццо жана башка шаарларында өтөт.
Олимпиадага дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 2,9 миң спортсмен катышат.
Кыргызстандан 2 спортсмен катышат, тоо лыжасы жана лыжа мелдешинде. Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча мелдештерде Кыргызстандын намысын коргойт. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча мелдешке чыгат.
Иллюстрациялык сүрөт: Getty Image




