Кышкы Олимпиадага Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышат

  • 2 года мурун

Пекин шаарында өтө турган Олимпиада оюндарына Кыргызстандан лыжачы Максим Гордеев катышат.

Бул тууралуу Улуттук олимпиада комитети (УОК) билдирди.

Максим Гордеев 1995-жылы Каракол шаарында туулган. 2010-жылдан баштап тоо лыжасы менен машыгып келет. КРнын чемпиону жана спорттун чебери, дүйнөлүк үч чемпионаттын, эки кышкы Универсиаданын жана Лыжа спортунун эл аралык федерациясынын (FIS) алкагындагы көптөгөн старттардын катышуучусу. Эл аралык аренада көрсөткөн эң мыкты көрсөткүчү – 2018-жылдагы FIS таймашындагы төртүнчү орунда ээлегени. Анын жеке жана негизги машыктыруучусу — Игорь Борисов.

УОКтун маалыматына караганда, Максим Гордеев жана Игорь Борисовдон сырткары, Олимпиада оюндарына Кыргызстандын делегация курамына миссиянын башчысы, УОК кызматкери Чолпон Жумагазиева кирет. Эл аралык олимпиадалык комитеттин чакыруусу боюнча КР УОКтун президенти Садыр Маматов жана аталган комитеттин башкы катчысы Кылычбек Сарбагышев барат.  

Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралдан 20-февралга чейин Пекин шаарында өтөт. Максим Гордеев 16-февралда оюнга чыгаары маалымдалды.

Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарына Президент Садыр Жапаров да барары маалым болду.

Чет өлкөлүк күйөрмандар Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катыша албайт. Билеттер коронавируска каршы күрөшүү талаптарына жооп берген Кытайдын материкалык бөлүгүндө жашагандарга гана сатылары белгилүү болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты