Италияда кышкы XXV Олимпиада оюндары ачылат. УТРК-Спорт түз алып көрсөтөт

  • 1 месяц мурун

Италияда кышкы XXV Олимпиада оюндары ачылат. Ачылышын 6-февралдан 7-февралга караган түнү саат 01:00дө УТРК-Спорт каналынан көрүүгө болот.

УТРК биринчи жолу Олимпиаданы түз алып көрсөтөт.   

XXV кышкы Олимпиада оюндары Италияда 6-февралдан 22-февралга чейин созулат. Мелдештер Италиянын Милан, Кортин-д-Ампеццо жана башка шаарларда ачылат.

Олимпидага дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн 2,9 миң спортсмен катышат.

Кыргызстандан 2 спортсмен катышат, тоо лыжасы жана лыжа мелдешинде. Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча мелдештерде Кыргызстандын намысын коргойт. Артур Сапарбеков лыжа жарышы боюнча мелдешке чыгат.  

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты