Олимпиада күндөлүгү: Жөө күлүк Сардана Трофимова 14-болуп келди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 11-августта, Париж Олимпиадасында кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова 42,2 чакырым келген марафон жарышына чыгып, 14-болуп келди. Трофимова 2:26:47 жыйынтыгы менен келип, Кыргызстандын рекордун койду.
Марафон жарышына 91 жөө күлүктүн төртөө жарыштан четтеди, Сардана Трофимова 87 жөө күлүктүн 14-сү болуп келди.
Бүгүн эркин күрөш боюнча Айпери Медет кызы да таймашка чыгат.
Кыргызстандын курама командасында Париж Олимпиадасында 2 күмүш, 4 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова менен Мунарбек Сейитбек уулу алды. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Айсулуу Тыныбекова жеңип алышты.
Олимп оюндары бүгүн, 11-августта, жыйынтыкталат.
Сүрөттө: Сардана Трофимова чуркап бара жатат. 11-август 2024. Reuters