Италиядагы кышкы Олимпиада: Артур Сапарбеков лыжа жарышын акырына чейин өттү    

  • 2 месяца мурун

Италияда өтүп жаткан кышкы Олимпиадада кыргызстандык спортчу Артур Сапарбеков бүгүн, 10-февралда, лыжа жарышында ат салышып, акырына чейин өттү.

Артур Сапарбеков лыжа жарышынын классикалык спринт түрүндө биринчи 800 метрди 2 мүнөт, 23,8 секундда өттү, ал эми марага 4 мүнөт 36, 85 секундда келип, 94-орунда болду.

Жарышта эң мыкты деген Норвегиядан Йоханнес Клебо марага 3 мүнөт 7,37 секундда келген. Артур Сапарбеков андан 1 мүнөт 29, 48 секунд артта келген.

13-февралда Артур Сапарбеков эркин стилде 10 чакырым жарышка чыгат.

Спорт чебери Артур Сапарбеков — 19 гана жашта. Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында туулган. Буга чейин бир катар эл аралык мелдештерге катышкан. Кийинки эле мелдештерин алсак, 2025-жылы февраль айында Кытайдын Харбин шаарында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышкан. 2025-жылы февраль айынын аягында Норвегиянын Тронхейм шаарында өткөн лыжа жарыштары боюнча дүйнө чемпионатына катышып, кыргызстандык спортчулардын арасынан мыкты спортчу деп саналган.

Тимур Шакиров тоо лыжасы боюнча гигант слалом мелдешине 14-февралда, ал эми слалом мелдешине 16-февралда катышат.

6-февралдан 22-февралга чейин Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтүп жаткан XXV Кышкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандан тоо лыжасы боюнча Тимур Шакиров жана лыжа жарышы боюнча Артур Сапарбеков катышууда.

Сүрөттө: Артур Сапарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты