Францияда Луврдан кийин дагы бир музей экспонаттары уурдалды  

  • 3 месяца мурун

Францияда дагы бир музей экспонаттары уурдалды. Бул тууралуу France Info басылмасына шилтеме берип, «Медуза» басылмасы жазды.

20-октябрда жумушка келген музей кызматкерлери кире бериш эшик сындырылып ачылып, алтын жана күмүш тыйындар салчу айнек текче сынып калганын көрүшкөн. Тыйындар 1790-жылдан 1840-жылдарга чейинки коллекция — 1633 күмүш жана 319 алтын тыйын, алар 2011-жылы музейди реставрациялоо учурунда табылган. Музейдин калган экспонаттары өз ордунда турган.

Париж шаарында буга чейин, бир сутка мурда, 19-октябрда айтылуу Лувр музейинин кымбат баалуу экспонаттары уурдалган. Le Parisien басылмасы жазгандай, үч киши музейдин оңдоо иштери жүрүп жаткан жагынан лифт менен чыгып, терезени талкалап, экспонаттарды уурдап кеткен

Белгисиз уурулар Лувр музейиндеги кымбат баалуу тогуз экспонатты, анын ичинен Наполеон жана анын жубайы Жозефинага тиешелүү зер буюмдарды, моюнга таккан кымбат баалуу зер жасалганы, бриллиант төөнөгүч, эки таажы, сөйкөлөр, диадема жана башка зер буюмдарды алып кеткен. Евгения ханышанын таажысы музейге жакын жерде түшүп, бирок сынып калган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты