Fusion concept-2025: Дүйнөлүк чемпионатта кыргыз бийчилери мыкты 8 дуэттин катарына кирди  

Fusion Concept’тин негизги этабы 13–14-сентябрда Франциянын борбору Париж шаарында өттү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Турнирге Кыргызстан, Казакстан жана Россиядан жалпы 16 дуэт катышты. Жеңишке жеткен кыргызстандык дуэт дүйнөлүк чемпионатта өлкөнү таанытууга укук алды.

14-сентябрда Париждеги чоң арена Cirque d’Hiver Bouglione de Paris’те финал өтүп, ага АКШ, Япония, Германия, Корея, Франция, Казакстан жана Кыргызстандын улуттук тандоо чемпиондору катышты.

Кыргызстандык дуэт дүйнөдөгү мыкты 8 дуэттин катарына кирди. Өлкөнүн чемпиондору катары алар өздөрү атаандаштарын тандоо укугуна ээ болуп, эң күчтүү америкалык өкүлдөрдү — Kida the Great & Bari the Goat дуэтин тандашты. Америкалыктар менен болгон биринчи беттеш кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктап, көрүүчүлөрдү таң калтырды.

Жарым финалда кыргызстандык дуэт Аляска менен Япониядан келген брейк-бийчилер Icey & Yasmin менен беттешти. Алардын сахнага чыгышы көрүүчүлөрдүн кубаттоосуна арзыды. Мелдеш кыргызстандыктардын жеңиши менен аяктап, алар финалга жолдомо алышты.

Акыркы чечүүчү беттеште кыргыз дуэти франциялык Junior Ydat & Willis командасы менен күч сынашты. Натыйжада француздук дуэт Fusion Concept 2025 чемпиону болуп табылды.

Сүрөт: Видеотасмадан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты