Олимпиада күндөлүгү: Алжирлик Иман Хелиф чемпион болду

  • 1 месяц мурун

Алжирлик спортчу Иман Хелиф Париждеги Олимпиада оюндарынын чемпиону болду. Ал финалдык беттеште Кытайдан келген Лиу Янды 5:0 эсебинде утуп алды.  

Иман Хелиф Париж Олимпиадасынын популярдуу жана эң көп сөзгө алынган спортчусу болду. Олимпиада оюндарында Иман Хелиф трансгендер экен деген айың кепке калган. Ал сөздөрдүн чындыктан алыс экенин «ПолитКлиника» медиасы жазып чыккан.

Жайкы Олимпиада оюндары Париж шаарында өтүп жатат. 26-апрелде Франциянын борбору Париж шаарында 16 күнгө созула турган жайкы Олимпиада оюндары ачылды.

Олимпиадага Кыргызстандын спортчулары спорттун беш түрүнөн: күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча жалпы 16 лицензияга ээ болгон.

Азыр Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашышкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты