Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Фейсбук социалдык тармагында Париждеги жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан алжирдик боксерчу Иман Хелиф  менен тайвандык Лин Ю-Тинг аттуу мушкерлерди “трансгендер экен” деген сыяктуу билдирүүлөр тараган. 

Лугзана Байлауова аттуу Фейсбук колдонуучусу алжирдик боксерчу Иман Хелиф эркек экендигин, мурда дагы аялдар арасындагы бокс боюнча Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн арыз жазып, эркек болгондугу үчүн өтпөй калгандыгы туурасында пост калтырган. Анда “Алжирден келген трансгендер айым италиялык спортчуну жеңип, Париждеги Олимпиаданын алтынына негизги талапкерлердин бири болуп калды. Кызыл кийимчен адам – Иман Хелиф. Ал көптөн бери профессионалдык спорт менен алектенет. Ал өзүн төрөлгөндөн эле “кызмын” деп эсептейт. Бир нече жыл мурун ал аялдар арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн арыз берип, бирок четте калган. Анткени ал эркек”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Ал эми Бекжан Асанбеков аттуу Фейсбук колдонуучусу “эми аял затына кол көтөргөн эркекти ТРАНС дейм” деп жазган. 

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Ошондой эле, тайвандык мушкер Линг Ю-Тинг тууралуу дагы социалдык тармактарда дал ушундай өңүттөгү маалымат тараган. 

Юра Окольничников аттуу Фейсбук колдонуучу “Эгер сиз өзүн кыздай сезип, италиялыкты сабап салган боксчу Хелифтин окуясы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиаданын соңу деп ойлосоңуз, анда жаңылышасыз. Азыр эле өзүн кыздай сезген Тайвандык мушкер Лин Ю-Тинг Өзбекстандын спортчусун 5:0 эсебинде утуп алды. Алар транс эмес экенин түшүнүү маанилүү, эч кандай гормоналдык терапия же хирургия болгон эмес. Алар жөн эле өзүн боксер кыздардай сезген эркектер” деген билдирүү калтырган.  

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Ал эми Севель Абдуллаева аттуу социалдык тармактын колдонуучусу: “Олимпиадада дагы бир транс кызды сабап салды — тайвандык Лин Ю-Тинг өзү аял болуп төрөлгөнүн айтып, бокс боюнча беттеште өзбекстандык аялды сабады. Ошол эле маалда эки транс адам тең 2023-жылы гендердик тесттен өтпөй калып, бокс боюнча Дүйнөлүк чемпионатка катышууга уруксат берилбей, Олимпиадада эч кандай көйгөй көрүшкөн эмес. Биз эки трансгендердин согушуна даярданып жатабыз” деген билдирүү калтырган. 

“ПолитКлиника” медиасы жайкы Олимпиада оюндарына катышып жаткан алжирлик боксерчу Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ю-Тинг тууралуу айтылган маалыматтарды текшерип көрдү.

Тайвандык мушкер Лин Ю-Тинг менен алжирлик боксерчу Иман Хелиф кимдер менен беттешти?

Кечээ, 2-августта Тайвандын өкүлү Лин Ю-Тинг Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында өзбекстандык мушкер Ситора Турдибекова менен жолугушту. 

Турдибекова менен Ю-Тинг 57 килограммга чейинки салмак ченинде 1/8 финалда беттешти. Бул беттештин жыйынтыгында калыстардын бир добуштан чечими менен Лин Ю-Тинг 5:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Ошентип Лин Ю-Тинг олимпиадалык турнирдин чейрек финалына чейин жетип, медалдар үчүн күрөшүн улантууда.

Ал эми алжирдик мушкер Иман Хелиф италиялык Анжела Карини 46 секундадан кийин жеңип алган. Хелифтин жеңиши талаш-тартыш менен коштолуп, анын италиялык атаандашы 46 секунддан кийин көзүнө жаш алып, «бул адилеттүү эмес» деп бурчтан чыгып кеткен. 

Эл аралык бокс ассоциациясынын маалыматына ылайык, Имане Хелиф да, Лин Ю-Тинг да тесттен өткөн эмес

Хелиф да, Лин да 2023-жылкы Дүйнө чемпиондугунда Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) XY хромосомалары бар спортчулардын аялдар арасындагы мелдештерге катышуусуна жол бербөө эрежелерин аткарбагандыктан дисквалификацияланган. Ассоциясынын маалыматына ылайык, Имане Хелиф да, Лин Ю-Тинг да тесттен өткөн эмес. 

2023-жылдын 24-мартында IBA тарабынан кабыл алынган чечим, кийинчерээк 2023-жылдын 25-мартында ассоциациянын директорлор кеңеши тарабынан ратификацияланган

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Эл аралык олимпиада комитетинин кечээги билдирүүсүндө «Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарына катышкан эки спортчу айым тууралуу жаңылыштык маалыматты биз отчеттордон көрдүк. Эки спортчу көп жылдар бою аялдар категориясында, анын ичинде Токио-2020 Олимпиадасында, Эл аралык бокс ассоциациясында (IBA) бокс боюнча эл аралык мелдештерге катышып келишет. Бул эки спортчу IBAнын капыстан жана өзүм билемдик менен кабыл алган чечиминин курмандыгы болушкан. 2023-жылы Эл аралык бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун аягында алар эч кандай талаптагыдай процессиз күтүүсүздөн дисквалификацияланган.

Талапкерлерге катышуу эрежелери уланып жаткан сынактар ​​учурунда өзгөрбөшү керек жана бардык эрежелерге өзгөртүүлөр тиешелүү жол-жоболор менен, жана илимий далилдер менен жүргүзүлүшү керек. Алардын сайтындагы протоколго ылайык, бул чечим алгач IBAнын башкы катчысы жана башкы директору тарабынан гана кабыл алынган. Протоколдо “гендердик тестирлөө боюнча так процедураны түзүү керек” деп жазылат. 

Умар Кремлев: “Транссексуал спортчулардын катышуусу — Олимпиада оюндарында болуп жаткан окуялардын бир бөлүгү”

Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлев буга чейин тесттер спортчуларда «XY хромосомалары» бар экенин далилдегенин айтып, Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндары, андагы эки мушкер тууралуу төмөнкүдөй пикирин билдирген

Бул ачык “содомия” жана дүйнө жүзү боюнча салттуу баалуулуктарды жок кылуу. Мунун башында Томас Бах (Эл аралык олимпиада комитетинин президенти) турат. Массалык мыйзам бузуулар, даттануулар, спортчуларды куугунтуктоо, коопсуздуктун сакталбагандыгы, ал тургай олимпиадалык кыймылдын символикасын сыйлабоо – азыркы учурда Париждеги Олимпиада оюндарында болуп жаткан окуялардын кичинекей гана бөлүгү. Транссексуал спортчулардын катышуусу. Ал эми аны колдогондор — адамдык баалуулуктары жок чыныгы койлор. Алар аялдардын спортун өлтүрүп жатышат. Ал эми IBA чыныгы гендердик теңчиликти, салттуу, үй-бүлөлүк жана адамдык баалуулуктарды, адамдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жактайт!” — деп жазылат билдирүүдө. 

Ал эми Эл аралык олимпиада комитетинин өкүлү Марк Адамс алжирдик мушкер Иман Хелиф эркек экендигин жокко чыгарып, аял болуп төрөлүп, аял болуп каттоодон өткөндүгүн атайын брифингде билдирген

«Алжирдик мушкер аял болуп төрөлүп, каттоодо аял болгон, жашоосун аял катары өткөргөн, аял катары боксташкан жана паспорту бар. Бул трансгендердик окуя эмес».

Интернетте мушкер Иман Хелифенин бала кезиндеги сүрөттөрү жарыяланган

Алжирдик мушкер Иман Хелифтин атасы Амар Хелиф кызынын айланасында болуп жаткан талаш-тартыш кызынын Олимпиадада медаль алуусуна бөгөт коюу үчүн жасалган айла экендигин “Daily mail” порталына берген маегинде айткан. Ошондой эле, атасы Иман Хелифтин 1999-жылдын 2-майындагы расмий документин көрсөтүп, анда Имане кыз болуп төрөлгөндүгүн айтат.

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

Андан сырткары, Иман Хелифтин үй-бүлөсү менен түшкөн бала чагындагы сүрөттөрүн дагы көрсөткөн. Бардык сүрөттөрдө ал кыз экендигин көрүүгө болот. 

Олимпиада-2024: “Аял болуп төрөлүп, жашоосун аял катары өткөргөн” (Фактчекинг) 

«Имане 6 жашынан бери спортту сүйүп, футбол ойногон кичинекей кыз. Бул сындар жана ушактар Иманенди туруксуздаштырууга аракет кылышат. Алар анын чемпион болушун каалабайт”, — дейт Амар Хелиф

Жыйынтык: Эл аралык олимпиада комитетинин билдирүүсүнө таянсак, бул эки спортчу IBAнын (Эл аралык бокс ассоциациясы) капыстан жана өзүм билемдик менен кабыл алган чечиминин курмандыгы болушкан. Ошондой эле мушкер Иман Хелифтин атасы анын бала кезиндеги сүрөттөрүн жана жынысын далилдеген документин бөлүшкөн. Демек, эки спортчуга карата айтылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты