Олимпиада күндөлүгү: Алмаз Бекзат уулу бешинчи орунду алды
- 1 месяц мурун
Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөштө өзбекстандык Гуломжан Абдуллаевге 1:5 эсебинде утулуп калып, 5-орунга ээ болду.
9-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Бекзат Алмаз уулу көңүлдү жубатуучу беттеште кытайлык атаандашын жеңип, коло үчүн таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алган.
8-августта Бекзат Алмаз уулу чейрек финалда америкалык атаандашы Спенсер Лиге 12:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип, жарым финалга чыга албай калган. Бирок Спенсер Ли финалга чыкканына байланыштуу Бекзат Алмаз уулу көңүлдү жубатуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк алган.
11-августта Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.
Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.
Сүрөт: United World Wrestling