Европанын 8 өлкөсү Гренландия боюнча билдирүү жасады
- 2 месяца мурун
Европанын 8 өлкөсү — Дания, Финляндия, Франция, Германия, Нидерланддар, Норвегия, Швеция жана Улуу Британия Гренландияга аскер жибергени үчүн пошлина салуу ниетин билдирген АКШнын президенти Трамптын айткандары боюнча 18-январда биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Бул тууралуу Германия өкмөтү билдирди.
-Биз, НАТОнун мүчөсү катары Арктикадагы коопсуздукту трансатлантикалык кызыкчылык үчүн коргоого алышыбыз керек. Буга чейин даниялык окумуштуулардын союздаштар менен бирге өткөрүп келген Arctic Endurance (Арктикалык чыдамкайлык) бул максатка жооп берет. Ал эч ким үчүн кооптуулукту жаратпайт. Биз Дания жана Гренландия калкы менен тилектешпиз. Өткөн жумада башталган процесске таянып, өзүбүз колдогон көз карандысыздык жана аймактык бүтүндүк принциптерине негизделген сүйлөшүүлөргө даярбыз. Биз жообубузда бирдиктүү жана координацияланган фронтто болууну улантабыз. Биз өзүбүздүн көз карандысыздыгыбызды сактайбыз,-деп айтылат биргелешкен билдирүүдө.
Бул билдирүүгө Дания, Финляндия, Франция, Германия, Нидерланддар, Норвегия, Швеция жана Улуу Британия кол койгон.
АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Гренландия боюнча айткандарынан кийин Европанын 8 өлкөсү ал жакка чалгын үчүн аймактагы коопсуздукту сактоого аскерлерин жиберген.
Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп 17-январда ал мамлекеттерге 1-февралдан баштап, 10% пошлина салуу ниетин билдирген. Ал эми 1-июндан баштап, ал пошлинанын көлөмү 25%га өсө турганын айткан.
Даниянын борбору Копенгаген шаарында АКШнын президенти Дональд Трамптын Гренландияны алуу планына каршы миңдеген адамдар демонстрацияга чыгышты.
Сүрөттө: Гренландия. Reuters




