Олимпиада күндөлүгү: Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт
- 1 месяц мурун
Париж шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 9-августта Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмак ченинде жарым финалда украиналык спортчу Ирина Коляденкого 2:9 эсебинде утулуп калды.
11-августта Айсулуу Тыныбекова коло медаль үчүн күрөшөт.
9-августта Париждеги Олимпиадада эркин күрөшчү Айсулуу Тыныбекова чейрек финалда америкалык атаандашы Кайла Колиин Кийоко Миракл менен беттешип, эсеп 6:6 болгондо Тыныбековага 4 баллдык көтөрүп чабуу жасаганы үчүн артыкчылык берилип, жарым финалга жолдомо алган.
Ушул эле күнү 9-августта, Парижде өтүп жаткан Олимпиадада күрөштүн эркин түрү боюнча таймашта Айсулуу Тыныбекова алгачкы атаандашы нигериялык Эстер Колаволени 5/1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
Учурда Кыргызстандын куржунунда 1 күмүш, 3 коло медаль бар. Күмүш медалды эркин күрөшчү Мээрим Жуманазарова алып келди. Ал эми коло медалдарды күрөштүн грек-рим түрү боюнча таймашкан Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков жеңип алышты. Олимп оюндары 11-августта жыйынтыкталат.
Сүрөт: Интернет булактарынан