Франциянын айтылуу актрисасы Брижит Бардо дүйнөдөн өттү

  • 1 месяц мурун

Франциялык актриса, ырчы жана модель Брижит Бардо 91 жашында көз жумду. Бул тууралуу Le Figaro жана AFP басылмалары билдирди.

Брижит Бардо Парижде туулган. Жаш кезинде балет менен алектенип, кийинчерээк фотомодель жана актриса болгон. “Кудай анан аялды жаратты” аттуу 1956-жылы режиссер Роже Вадимдин фильми Брижит Бардого атак-даңк алып келген.

Брижит Бардо 50гө жакын көркөм фильмде, анын ичинде «Чындык”, “Жек көрүү”, “Урматтуу Брижит” ж.б. фильмдерде ойногон. Бардо Ален Делон, Марчелло Мастрояни ж.б. актерлор,  Жан Люк Годар жана башка режиссерлор менен иштешкен.

Кинокарьерасын Брижит Бардо 1973-жылы 39 жаш курагында аяктаган.      

Ал музыка менен да алектенген, акыркы жылдары жаныбарларды коргоо боюнча Брижит Бардо атындагы фондду негиздеген.

Сүрөттө: Брижит Бардо.  Franco Origlia/Getty Images

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты