Окуучу Аннас Айтбаевдин сабалганы сөөгүн эксгумация кылгандан кийин да тастыкталды
- 4 дня мурун
- Видео
Бишкек шаарынын №72 орто мектептин окуучусу Аннас Айтбаевдин сөөгүн эксгумация кылгандан кийин да анын сабалганы татыкталды. Бул тууралуу анын ата-энеси Kaktus media басылмасына билдирди.
«Тергөөчүлөр Аннастын сабалгандыгын жашырууга аракеттенген мугалимдерди, мектептин директорун жана милицияны кайра суракка алып жатабыз дешет. Бирок биз аларды сурактан көргөн жокпуз. Биз адвокат жалдадык, күнөөлүүлөрдүн адилет жаза тартышына аракет кылабыз” деп айткан ата-энеси аталган басылмага.
Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды. Мектептин ал кездеги директору Дамира Назаркулова окуучу бала өзү жыгылып кетип каза тапкан деген маалымат алганын айткан. Баланын атасы Дөөлөтбек Айтбаев уулу жогорку класстын окуучуларынын ур-токмогунан каза болгонун билдирип келген.
Окуучунун өлүмү тууралуу «ПолитКлиниканын» видео материалы.
Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги окуучунун өлүмүнөн кийин кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
Бишкек шаардын мэриясынын билим берүү департаментинин буйругу менен аталган мектептеги окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөн. Анын жыйынтыгында аталган мектептин директору Д.Назаркулова, директордун тарбия иштери боюнча орун басары А.Орозбаева, социалдык педагог М.Базарбаева, класс жетекчиси А.Каракойчиева кызматынан бошотулду.