Октябрь райондук соту “Апрель” телеканалын жабуу чечимин кабыл алды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 9-июлда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту прокуратуранын талабын канааттандырып, “Апрель” телеканалын жабуу, анын социалдык тармактардагы баракчаларын бөгөттөө чечимин кабыл алды.

“Сот юридикалык тарапты жокко чыгаруу чечимин кабыл алды жана эки пунктту тең канаттандырды” деди адвокат Акмат Алагушев.

Буга чейин «Апрель» телеканалы 2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук сотунда карала турган ишке байланыштуу жабылышы ыктымал экенин билдирип, коомчулукка расмий кайрылуу жасаган. t

Маалыматка ылайык, редакция учурда эс алууга кетип жатат. Бирок жамаат бул эс алуудан кайра кайтып келбеши да мүмкүн экенин билдирген.

«4-июлда прокуратуранын доо арызы боюнча соттук чечим чыгат. Бул чечим кандай болбосун, биз аны аткарабыз. Бирок 99 пайыз ыктымалдык менен чечим биздин пайдабызга чыкпайт» деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

“Кыргызстандын Аракеттеги медиа платформасы” көз карандысыз медианын бири — “Апрель ТВ” каналынын жабылышынын ыктымалдыгы боюнча президент Садыр Жапаровго, сот системасына, жарандык коомго жана медиа каражаттарына редакциянын билдирүүсү боюнча кайрылуу жасады.

Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.

Телеканал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизаннын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгы айтылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты