«Апрель» телеканалы эс алууга кетти — кайтып келбеши мүмкүн

  • 1 год мурун

«Апрель» телеканалы 2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук сотунда карала турган ишке байланыштуу жабылышы ыктымал экенин билдирип, коомчулукка расмий кайрылуу жасады. Бул тууралуу телеканал өзүнүн социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жазды.

Маалыматка ылайык, редакция учурда эс алууга кетип жатат. Бирок жамаат бул эс алуудан кайра кайтып келбеши да мүмкүн экенин билдирүүдө.

«4-июлда прокуратуранын доо арызы боюнча соттук чечим чыгат. Бул чечим кандай болбосун, биз аны аткарабыз. Бирок 99 пайыз ыктымалдык менен чечим биздин пайдабызга чыкпайт», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.

«Апрель» жамааты бул көрүнүштү дүйнөлүк деңгээлдеги медиакризис менен байланыштырды. Алардын айтымында, авторитардык башкаруунун күч алышы медиалардын абалына терс таасирин тийгизип жатат.

Редакция өз кайрылуусунда жылдар бою колдоо көрсөткөн көрүүчүлөргө жана окурмандарга ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүк болсо, башка тармакта коомго пайдалуу болууга аракет кылаарын кошумчалады.

Эске салсак, 2025-жылдын апрель айында Октябрь райондук прокуратурасы “Апрель” телеканалына каршы сотко доо арызын берип, аны жабууну жана социалдык тармактагы баракчаларын бөгөттөө талабын койгон. Прокуратура бул аракеттерди “коомдук коопсуздукту сактоо жана мыйзамсыз маалыматтарды таратпоонун алдын алуу” максаты менен түшүндүргөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты