“Аракеттеги медиа платформасы” «Апрель ТВ» жабылышы ыктымалдыгы боюнча кайрылуу жасады
- 1 год мурун
“Кыргызстандын Аракеттеги медиа платформасы” көз карандысыз медианын бири — “Апрель ТВ” каналынын жабылышынын ыктымалдыгы боюнча президент Садыр Жапаровго, сот системасына, жарандык коомго жана медиа каражаттарына редакциянын билдирүүсү боюнча кайрылуу жасады.
Редакциянын билдирүүсү боюнча, 2025-жылдын 4-июлунда боло турган отурумда Октябрь райондук соту телеканалды жабуу, социалдык тармактардагы баракчаларын бөгөттөө чечимин чыгарышы ыктымал. “Апрель” телеканалы бул журналисттер жамааты гана эмес, бул коомдук күн тартипти калыптандыра турган, кыргызстандыктарга альтернативалуу маалымат бере турган, ар түрдүү пикирлерди чагылдырып турган анчалык көп эмес медиа каражаттардын бири. Анын жабылышына коркунуч келиши бул Кыргызстандын көз карандысыз медиа каражаттарына урулган сокку, бул ачык-айкындуулук, пикирлердин көп түрдүүлүгү жана эркин ой-пикир айтуу мүмкүнчүлүгүнө урулган сокку» деп айтылат кайрылууда.
-Биз бүгүнкү күндө сөз эркиндигине кедергисин тийгизе турган учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз, ал эми сот бийлиги жана укуктук болумуш инструменттер башкача ой жүгүрткөндөрдү жок кылууга колдонулуп жатат. Бул журналисттер үчүн эле эмес, биздин өлкөдөгү демократия, ар бир жаран үчүн кооптуу белги. Өз оюн ачык билдирүү бул коркунуч эмес, бул коомдун өнүгүшү жана коопсуздугу үчүн негиз. ЖМКны жабуу боюнча ар бир чечим мыйзам чегинде , эл аралык стандарттар менен, негиздүү жана ачык-айкын чечилиши керек. Редакцияны жабуу бул акыркы чечим, ал олуттуу негиз болгондо, өзгөчө оор кылмыш жасаганда көрүлө турган чара, бул кесипкөй журналисттик ишмердүүлүккө жооп эмес болуш керек.
Ошондуктан биз Кыргыз Республикасынын президенти, Садыр Жапаровго ой-пикир айтуу эркиндигин жана көз карандысыз журналистиканы укугун коргоого чакырабыз. Сот системасына “Апрель ТВ” ишин Конституциянын чегинде, Кыргызстандын эл аралык уюмдар алдындагы милдеттенмелеринин, адилет сот принциптеринин чегинде кароону өтүөнбүз” деп айтылат билдирүүдө.
Кайрылууда ошондой эле жарандык коом, ЖМК өкүлдөрүнө, эл аралык коомчулукка бул маселеге көңүл буруп, баа берүүгө чакырды.
«Апрель» телеканалы 2025-жылдын 4-июлунда Октябрь райондук сотунда карала турган ишке байланыштуу жабылышы ыктымал экенин билдирип, коомчулукка расмий кайрылуу жасады. Бул тууралуу телеканал өзүнүн социалдык тармактардагы расмий баракчаларында жазды.
«4-июлда прокуратуранын доо арызы боюнча соттук чечим чыгат. Бул чечим кандай болбосун, биз аны аткарабыз. Бирок 99 пайыз ыктымалдык менен чечим биздин пайдабызга чыкпайт», — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокуратурасы “Апрель” телеканалын жабуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган.
Телеканал билдиргендей, өткөн жылдын ноябрь-декабрь айларында эле телеканалдын ишмердиги боюнча үч экспертиза жүргүзүлгөн, Юстиция министрлигинин соттук-эксперттик кызматынын, Саламаттык сактоо министрлиги алдындагы республикалык психиатрия жана наркология кызматынын экспертизасы жана Улуттук илимдер академиясынын экспертизасы жүргүзүлгөн. Аталган үч экспертизаннын жыйынтыгы боюнча “Апрель” телаканалынын бардык материалдарында азыркы бийликке карата терс пикирлер орун алгандыгы айтылган.
Сүрөт: Апрель ТВ




