“Офисиңерди өрттөп кетем деп” «Т-медиа» редакциясын коркуткан киши кармалды
- 2 года мурун
«Т-Медианын» кызматтык телефонуна чалып «офисиңерди өрттөп кетем» деп коркуткан киши кармалды.
Бул тууралуу “Т-медиа” редакциясы милициянын маалыматына таянып кабарлады.
Шектүү Жалал-Абад облусунун тургуну болуп чыкты.
Кармалган жаран өз кылганына өкүнгөнүн айтып, редакциядан кечирим сураганы маалымдалды.
«Т-Медиа» редакциясынын кызматтык телефонуна 19-февралда белгисиз бирөө телефон чалып, «редакциянын кеңсесин өрттөп кетем» деп коркуткан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү