Ошто «Т-Медиа» редакциясын кеңсеңерди өрттөп кетем деп коркутушту

  • 2 года мурун

«Т-Медиа» редакциясынын кызматтык телефонуна белгисиз бирөө телефон чалып, «редакциянын кеңсесин өрттөп кетем» деп коркутту.

Бул тууралуу аталган редакциядан билдиришти.

Окуя 19-февралда саат 15:06 чамасында болду.  Белгисиз киши телефондон кээ бир кызматкерлердин, директордун аты-жөнүн сурай баштаган. Телефонду алган кызматкер анын ким экендигин, эмне максатта байланышып жаткандыгын сураганда коркутууга алган.

«Офисиңерди өрттөм кетем.  Мен силерди билем» деген ал.

Редакция ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз жазгандыгын, милиция фактыны кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттаганын, учурда иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдады. Ошондой эле редакция медиа юристтер менен да иш алып барышууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты