Бишкекте күйөөсү бычактап ооруканага түшкөн аял тосмо арыз жазды

  • 2 года мурун

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, оор абалда ооруканага түшкөн аял күйөөсүнө карата козголгон кылмыш ишин токтотууну өтүнүп, тосмо арыз жазды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-декабрь күнү укук коргоо органдарына №1 шаардык клиникалык ооруканасынан чалуу түшкөн. Билдирүүдө күйөөсү аялына бычак менен кол салганы тууралуу кабарланган.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда ошол күнү таңы саат 6:30дар чамасында Ж. Э. аттуу жаран «кызганычтан» улам аялын санга бир канча жолу бычак менен сайып жибергени белгилүү болгон.

Жабырлануучу О. З. №1 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.

Милициянын билдирүүсүндө аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ээнбаштык» беренеси боюнча катталып, шектүүнүн аракеттерине укуктук баа берүү үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалганы айтылат.

Айыпталуучу ошол эле күнү милиция бөлүмүнө алынып келинип, тергөө аракеттеринен кийин бошотулган. Ал эми жабырлануучуга коргоо ордери тапшырылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, жабырлануучу О.З. 9-декабрда милицияга арыз менен кайрылган. Бирок эртеси күнү тосмо арыз жазып, Ж. Э.ге карата түшкөн арызды кароону токтотууну өтүнгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты