Нуржамал Байболова жеке менчик укугу тебеленсе, эл аралык сотторго кайрыларын билдирди
- 1 год мурун
- Баяндар
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты, шаардык кеңештин мурдагы төрайымы Нуржамал Байболова менчик мүлкү, «Оберон» базарынын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Ал көптөгөн суроолор боюнча өзүнүн бизнесинин айланасында эмне болуп жатканын коомчулукка айтууну туура көрүп, ушул кайрылууну жазганын билдирди.
-Буга чейин мыйзамга ылайык соттошуу процесстери жүрүп жаткандыктан маалымат бере элек болчумун. Бүгүн биз баарыбыз бийлик жана анын жасоолдору акыркы кезде менчик ээлерине, бизнес адамдарына каршы өзүм билемдик кылып жүргүзүп жаткан зордук, баскынчылык саясатынын дагы бир эпизодуна күбө болуп турабыз. Бийликтен ырайым, силерден жардам үмүт этпейм, эч нерсеге үндөбөйм. Тек гана тарыхтын бүгүнкү болуп жаткан жана эртеңки боло турган барагынын күбөлөрү катары сиздерге маалымат берүүнү туура таптым.
Акыркы жылдары жүргүзүлүп жаткан калпы-чыны аралаш пропаганда, курулай популизм азырынча коомчулуктун эркин кишендеп, аң-сезимин ууландырып, жүрөгүндө коркунуч кептеп турган кези. Тек, болуп жаткан баскынчы, зордукчу саясаттан кулак кагыш болунуздар.
Түбөлүк эч ким доорон сүргөн эмес, булар да кетет, алиги мүлкүн, акча каражаттарын “өз ыктыяры менен» мамлекетке өткөрүп берип жаткандарга тил бүтөт, кайсы мүлк, жер, акча каражат, кай жакка кетип жаткандыгы ачыкка чыгат. Тарых баарын өз ордуна коерун бөркүмдөй көрөм.
Эми бул иштин тарыхын баяндай турган болсом, улуу муундун өкүлдөрүнүн эсиндедир, эгемендиктин биринчи жылдары, тагыраак айтканда 1991-жылы өлкө оор экономикалык абалда турганда, нарк экономикасына өтөбүз, демократия орнотобуз деген чакырыкты колдоп, ишкерликке өтүп, менин жолдошум Кубатбек Байболов досу Аскар Салымбеков экөө айтылуу “Дордойду” ачышкан. Анын биринчи директору болуп, пайдубалын өз колу менен түптөшкөн.
Азыркы комплекстин орду чылгый саз, адам буту баспаган чытырман бадал болчу. Өздөштүрдүк, жүрө -жүрө кеңейип олтуруп, азыркы деңгээлге жетти. Ал эми Орто- Сай базарынын ордунда эбегейсиз чоң котлован болчу.
Ошол учурдагы мыйзамдардын негизинде алиги жерлерди чексиз мөөнөткө алганбыз, кийин менчиктештирдик. Көңүлүңүздөрдү дагы бир ирет бурайын, элдин эмгегинен курулган даяр имарат, даяр айдоо жер эмес, кызылдай эмгек менен толтурулуп, кургатылып, өздөштүрүлгөн жер.
1995-жылы Кубатбек Калбекович Жогорку Кеңешке депутат болуп шайландыгына байланыштуу, ишкерлигин токтотуп, 1997- жылы “Дордойдон” чыгып, жер мүлккө болгон үлүшүн алып, мага тиешелүү болгон «Оберон“ аттуу жеке компанияга өткөрүп берген. 27 жылдан бери мамлекеттин мыкты салык төлөөчүсү болуп, ачык, так иштеп келдик.
Оппозицияда жүрүп, саясат менен алек болгон кезибизде кысымдар, сот иштери болгон. Бирок канткен менен мурункулар мынчалык зордукка бара алган эмес экен. Керек болсо ошол учурларда мамлекетти Жогорку Соттон утуп алганбыз.
Эми минтип, мамлекетке өттү демиш болуп, ачуу- таттуусун аралаштырып, жакшынакай иштеп жаткан канчалаган ата мекендик бизнестерди талкалап, тартып алып жатышат.
«Кустуризация» деген мыйзамсыз аракеттери менен ишкерлерден тартылып алган каражаттар карапайым элдин кайсы бирине, канча пайда келтирди, канча киреше түштү?
Эми булардын негизги урааны тууралуу учкай айта турган болсок: эч нерсе түшүнүксүз- эгерде менчиктештирүүнү кайра карайбыз деген саясат болсо, элге жарыя кылып, тартибин, иретин түшүндүрүп, бери дегенде эл эмгегинен курулган завод, фабрикалардан, имаратттардан, кен байлыктардан баштабайбы? Эгерде ишкерлер алган жерлерди мамлекетке кайтарабыз десе, кай жеринен мыйзам бузулганын, мамлекеттин жаңы саясатын жарыя кылыш зарыл эле. Менин айтканым жалган жалаа дей турган болушса, келгиле эл ишеним арткан инсандардан турган үлкөн мамлекеттик комиссия түзүп, баарын ийне-жибине чейин текшертели. Ууруларын, кылмышкерлерин бир сапка, тазаларын башка сапка тизели.
Өткөн жылы балээнин баары базарларда деп эки айдан ашуун текшеришти. Жыйынтыгын жарыя кылышкан жок. Башкасын билбейбиз, бизден кынтык таба алышпады. Бирин-эки мүчүлүштөрүн таап камап, опузалап, өз ыктыяры менен демиш болуп тартып алмай бизге келгенде ишке ашпай калды. Айлалары кетип, илгери, 27 жыл мурун, жерди мыйзам бузуу менен алгансынар деп, буйлаланган соттору аркылуу бизден жерди тартып алышты.
Соттогу көрүнүш тууралуу кеп башка. Ал жакта мыйзам чыркырап, айласыз, эсил кайран болду. Соттор биздин өкүлдөргө көзүн көтөрүп карай албай, унчукпай угуп туруп, мыйзамсыз чечимдерин чыгарып коюшту. Өзүм билемдикке салып, акылга сыйбаган мыйзамдарды токуп алышыптыр. Мунуңар Баш мыйзамга карама каршы келет экен деп Конституциялык сотко кайрылсак, ал жагы каратып, түшүнүп туруп туура чечим чыгаргандан баш тартты. Айрым судьялар жандарынан коркуп, өзгөчө пикирлерин келтирүүгө да батына алышпады. Аларга кудай жана тарых тараза болсун. Жооп бере турган учур да келээр.
Биздин өлкөдө акыйкат табуу азырынча мүмкүн болбой калыптыр. Мурун эле кыйын эле, азыр ныпым. Кимисинин болсо да ичине ыйман кирип, акыйкат чечим кабыл алабы деп бир жылдан бери соттошуп келдик. Болгон тепкичтеринин баарынан өтөбүз, мүмкүн болгон бардык мыйзамдык жолдор менен адилеттикти издейбиз. Алдыда Жогорку Сотко кайрылган турабыз. Эгер ал жакта да Кыргыз мамлекетинин атынан менин жеке менчик укугум дагы бир жолу тебеленсе, эл аралык сотторго кайрылам.
Кызыгы, бир эле убакта, бирдей шартта, бир токтом менен, бир эле мыйзамдын негизинде алынган жер “Дордойдо” жана башка миңдеген жер алгандарга мыйзамдуу да, бизге келгенде мыйзамсыз болуп калды. Алалаган булардын күрөшү өч алууга катуу окшошууда.
Тек гана маалымат катары кабыл алыңыздар,-деди Нуржамал Байболова.
Бүгүн, 27-октябрда «Оберон» базарында иштеген ишкерлер базар башка менчикке өтүп жатканын, алардын соода жайлары алына тургандыгына нааразылык билдирип чыгышкан. Ал эми мэриянын өкүлү Темирлан Камчыбеков Бишкек шаарынын мэриясынын 23-октябрдагы № 213-214 токтому менен “Дордой” жана Орто-Сай базарларынан жалпы баасы 3,9 млрд сомду түзгөн 8 гектар жер муниципалдык мүлк департаментине өткөрүлүп берилгенин билдирди. Мындан ары базарлар Бишкек муниципалдык базар болорун, контейнерлер ордунда калаарын айтты.
Сүрөттө: Нуржамал Байболова. Интернет булактарынан




