“Мадина” базарынан өрт чыкты

Бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын Свердлов районунда жайгашкан “Мадина” базарында өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Баштапкы маалымат боюнча, «Мадина» базарында өрт контейнерден чыккан. Өрттү өчүрүүгө жалпы 10 өрт өчүрүүчү унаа жана штаб тартылган. Ал жерде  Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев координациялоо иштерин жүргүзүүдө.

Өрт катталган аймактагы жабык контейнерлерди ачуу иштерин жүргүзүүгө «Куткаруу кызматынан» кызматкерлер тартылган.

Ошондой эле «Тазалык» ишканасынан 3 суу ташуучу унаа жана тез жардам кызматынан 3 бригада иш алып барууда.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты