Ишкерлердин нааразылыгы. «Оберон» базары мэрияга өткөрүлүп берилди (Видео)

Бүгүн, 28-октябрда, Бишкекте “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы «Оберон» базарында иштеген ишкерлер нааразылык акциясына чыгышты.

“Биз мыйзамды сыйлаган жарандарбыз. Бизди өз жайыбызга койгула. Биз унчукпай иштеп келгенбиз, салык төлөйбүз, кредит алганбыз. Биз эми каякка барабыз? Биз, мында 3 миңдей адам иштейбиз” деди нааразы болгон ишкерлердин бири.

“Биздин базарды,  “Форт Оберон” базарын тартып алганы жатышат.  Биз мыйзамга каршы эмеспиз. Эки сот болгон, Жогорку сотко бармакпыз. Контейнерлерди сатып алганбыз, баарыбыздын кредитибиз мойнубузда” деди дагы бир ишкер.

“Он миңдеген киши бул жакта өз үй-бүлөсүн багат, ысык-суук болот, ага чыдадык. Эң биринчи салыкты биз төлөп жатабыз. Тартып алганда эмне, биз жөн эле берип коебузбу, биз дагы бербейбиз” деди дагы бир ишкер.

Ал эми мэриянын өкүлү Темирлан Камчыбеков Бишкек шаарынын мэриясынын 23-октябрдагы № 213-214 токтому менен  “Дордой” жана Орто-Сай базарларынан жалпы баасы 3,9 млрд сомду түзгөн 8 гектар жер муниципалдык мүлк департаментине өткөрүлүп берилгенин билдирди. Мындан ары базарлар Бишкек муниципалдык базар болорун, контейнерлер ордунда калаарын айтты. Ал базарларда эч кандай жаңы курулуш болбой турганын, кийим базарлары өз ордунда каларын айтты. Ишкерлер жаңы менчик ээси менен жаңы келишим түзүп иштей беришээрин кошумчалады.

Видео: «ПолитКлиника»

Сүрөттөр: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты