Нур-Султанда атайын кызматтын полковнигинин сөөгү табылды

  • 3 года мурун

Казакстандын борбору Нур-Султанда Улуттук коопсуздук комитетинин полковниги Азамат Ибраевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары Казакстандын атайын кызматынын маалыматына таянып жазышты.

Маалыматка ылайык, Азамат Ибраевдин сөөгү 10-январда Нур-Султан шаарында өзү жашаган үйдүн короосунан табылган. «РИА Новости» билдиргендей, Ибраевдин сөөгү терезенин тушунан табылган жана анын денесинен бийиктиктен кулагандан кийин алган жаракаттар байкалган.

«КазТАГ» полиция маркумдун батирин карап чыгып, ашкананын терезеси ачык экенин аныктаганын жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, Ибраев мамлекеттик чыккынчылыкка шектелип кармалган УККнын мурдагы төрагасы Карим Масимовдун үзөңгүлөшү болгон.

Буга чейин Тараз шаарында жергиликтүү полиция департаментинин башчысы Жанат Сулейменовдун өз жанын кыйганы белгилүү болгон.

Жергиликтүү ЖМКлар акыркы нааразычылык акцияларынын фонунда Сулейменовго карата кылмыш иши козголуп, камакка алуу коркунучу болгонун жазышкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты