Ноокен районунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө
- 4 недели мурун
- Видео
Бүгүн, 15-июлда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда катталган сел кырсыгынын кесепеттерин жоюу иштерине жалпысынан 842 адам, 56 техника жана 18 мотопомпа тартылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгы билдирди.
ӨКМдин Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча башкармалыктарынын райондук жана шаардык түзүмдүк бөлүктөрүнөн, ошондой эле республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан жалпы 250 куткаруучу тартылып, аймактарда үзгүлтүксүз иш алып барууда. 13-июлда Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында, Эргеш Алиев айыл аймагында жана Момбеков айыл аймагынын Бостон, Курулуш, Көп-Там айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары бир катар турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптады.
Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында Ноокен районунун аймагына III даражадагы «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.
Учурда кырсык болгон аймактарда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык тиешелүү күч жана каражаттар тартылып, тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.




