Кочкор-Ата шаарынын айрым көчөлөрүн сел суусу каптады
- 4 недели мурун
- Видео
13-июлда саат 19:30 чамасында жааган нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында кокту-колоттордон түшкөн сел суулары Дыйканов жана Молодежная көчөлөрүн каптап, унаалардын кыймылына убактылуу кыйынчылык жаратты.
Окуя тууралуу маалымат түшөрү менен ал жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) -Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Ноокен райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылып, абалга баа берүү жана кесепеттерди жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Видеодон
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!




