Ноокатта Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кайра кармалды  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Кадыр Досонов (“Женго” каймана аты менен белгилүү) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы, 1976-жылы туулган Г.Ш.М. кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.  

Аталган Г.Ш.М. аффилирленген адамдар аркылуу “Ноокат универсал базар” жоопкерчилиги чектелген коомунун (ЖЧК) коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, ал каражат аталган уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшалганы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча, “Ноокат универсал базар” ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 чарчы метр аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык 2005-жылкы Lexuc GX470 унаасы мамлекеттин менчигине алынды.

Тергөө уланууда.  

Буга чейин алты ай мурда Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Г. уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалган.

2024-жылы 29-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Женго» каймана аттуу Кадыр Досоновду 20 жылга эркинен ажыраткан. Кадыр Досоновго «Адам өлтүрүү», «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Кылмыштуу уюмду уюштуруу» беренелери боюнча айып тагылган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты