Алдамчылыкка шектелип жактоочу кармалды
- 1 месяц мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, А.М.Р. аттуу жактоочу кармалганын билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган жактоочу М.У.М.ны алдап, анын атасы А.М.М.га карата кылмыш ишин токтотууга жана камактан бошотууга жардам берерин убадалап, 15 миң АКШ доллары жана 200 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган.
Андан соң, А.М.Р. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, алынган каражаттын 5 миң АКШ долларын кайтарган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгү, 1-пункту (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон жана 2026-жылдын 9-апрелинде Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык, жактоочу А.М.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сүрөт: УКМК




