Ноокаттын мурдагы айыл өкмөт башчысы кармалды
- 2 недели мурун
Ош облусунун Ноокат районундагы Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Г. уюшкан кылмыштуу топту каржылаган деген шек менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ш.Г. «Женго» каймана аты менен белгилүү К.Досонов жетектеген уюшкан кылмыштуу топ менен 2008–2021-жылдар аралыгында туруктуу байланышта болуп, аларга системалуу түрдө каржылык колдоо көрсөтүп келген. Иликтөөнүн жүрүшүндө мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештирүү, жасалма мекемелерди түзүү жана өзгөчө ири өлчөмдөгү акчалай каражаттарды чыгарып кетүү фактылары аныкталды.
Шектүү учурда УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө амалдары уланууда. Ошондой эле мамлекетке зыян келтирген мүлктөрдү кайтаруу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатат.
УКМК уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш өлкөдө ырааттуу негизде, кызмат ордуна жана статусуна карабастан жүргүзүлөрүн белгилейт.