Кадамжайдагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызматкерлери жерди мыйзамсыз берүүгө шектелүүдө   

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн мурдагы жооптуу кызмат адамдары тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталды.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен мурдагы жооптуу кызмат адамдары С.М.М. жана М.Ш.М. кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Аталган кызмат адамдары кызмат абалынан пайдаланып, көрсөтүлгөн айыл аймагынан жарандарга жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен.

Сот органдары тарабынан аларга карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Тергөө иш чаралары улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты