Облустар, райондор жоюлуп, 20дай округ түзүлүшү мүмкүн
- 4 недели мурун
2-3 жыл аралыгында облус жана райондор жоюлуп, алардын ордуна болжол менен 20дай округ түзүлөт.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Азыр 44 район, 34 шаар болду. 2-3 жыл аралыгында облустар, райондор жоюлуп, алардын ордуна 20дай окрудун тегерегинде калат. Сыноо иретинде бир округ түзүлөт, ал 2-3 жыл сыналат, эгер ийгиликтүү болсо, анда 3-4 жылда ишке ашырылат.
Бул административдик-аймактык реформанын экинчи этабы катары болмокчу. Реформанын биринчи этабында айыл өкмөттөрүн ирилештирүү иштери жүргүзүлгөн. 475 айыл өкмөтүнүн саны 232ге кыскартылган.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




