Ноокат райондук аскер комиссариатынын кызматкери кармалды

  • 2 недели мурун

28-апрелде опузалап талап кылынган акча каражаттарын алууга шектелип, Ноокат райондук аскер комиссариатынын 2-бөлүмүнүн башчысы С.у.М. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК аталган аскер кызматкери Ош гарнизонунун аскер прокуратурасынын кызматкерлери менен бирге, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалганын билдирди.

С.у.М. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты