Жогорку Кеңештин экс-депутаты алдамчылык фактысына жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды  

  • 1 месяц мурун

Ички иштеп министрлиги (ИИМ) тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Б.А.Т. ири өлчөмдөгү акча каражаттарын алдап алууга жана үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

ИИМ өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин тергеп жаткандыгын кабарлады. Анын алкагында 2022-жылы Б.А.Т. алдоо жолу менен акча каражаттарын алып, аны  жеке максаттарына жумшаганы аныкталгандыгын билдирди. Шектүү катары 1966-жылы туулган Б.А.Т. кармалды.

Мындан тышкары ички иштер органдарына аталган адамдын жубайынан буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук боюнча кайрылуулар келип түшкөн. Бул материалдар катталып, мыйзамда белгиленген тартипте каралууда. Тергөө иш-чаралары уланууда.

Бул маалыматта аталган Б.А.Т. аттуу инициал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бердиев Аккулу Тагаевичтин ысымына туура келет.

Жакында Аккулу Бердиевдин аялы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге видео кайрылуу жасаган.

Аккулу Бердиевдин жубайы Батма Ормонова «Сокол медиа» баракчасына жарыяланган кайрылуусунда көп жылдан бери жолдошу тарабынан кордук көрүп келгенин, учурда жашап жаткан үйүнөн чыгарууга мажбурлаганын, өмүрүнө коркунуч келип жатканын билдирген. Ошондой эле Батма Ормонова жолдошун көп аял алууга айыптаган.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты