Ноокат районундагы мектепте окуучу кызын классташы сабаганын апасы айтты

  • 1 год мурун

Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы окуучу кызы классташ кыз тарабынан басмырланып келгенин жана сабалып, мурдунан жаракат алып, операция болгонун апасы билдирди.

Бул тууралуу журналист Семетей Аманбеков сабалды деген кыздын апасы айтып берген видеосун Фейсбук баракчасына жарыялады.

Сабалды деген кыздын апасы мугалимдер жана мектептин директору Феруза Шерматова чара көрбөй койгонунан улам кыз ур-токмокко алынганын айтып берген.  

Кийинки кездерде мектеп окуучулары арасында мушташта жабыркаган жана каза тапкан окуялар басымдуулук кылууда. Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мектеп окуучулары арасында мушташ болуп, 2008-жылы туулган өспүрүм алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты.

Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды. 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февралында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.

14-февралда Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э денесинен жарат алып аймактык ооруканага түшкөн.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты