Наталья Аринбасарова Көчмөндөр оюндарына келет
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
«Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын образы аркылуу кеңири таанылган орусиялык актриса Наталья Аринбасарова Кыргызстанда, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ардактуу мейманы болот.
Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Наталья Аринбасарова —СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, көптөгөн эл аралык жана кесиптик сыйлыктардын ээси.
Анын чыгармачылык тагдыры Кыргызстан жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы менен өзгөчө тыгыз байланышта.
Актрисанын чыгармачылык жолундагы эң маанилүү эмгектеринин бири — Чыңгыз Айтматовдун ушул эле аталыштагы повестинин негизинде Андрей Кончаловский тарткан «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынайдын ролу. Дал ушул образ жаш актрисага эл аралык деңгээлде таанылуу алып келип, анын ысымын кыргыз адабияты жана кино өнөрү менен түбөлүккө байланыштырган.
Көп жылдык чыгармачылык жолунда актриса ондогон жаркын жана эсте каларлык образдарды жараткан. Анын фильмографиясында «Биринчи мугалим», «Жамийла», «Маншук тууралуу ыр», «Көлдө», «Эски тегирменде», «Улан», «Дан даамы», «Минотаврга болгон сапар», «Лейланын жалынуусу» жана башка тасмалар өзгөчө орунду ээлейт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргыз Республикасында өтөт.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан




