Нарында 16 күн изделген жарандын сөөгү табылды

  • 2 года мурун

29-июндан бери дайынсыз жоголуп, изделип жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургунунун сөөгүн 15-июлда “Нарын” дарыясынын жээгинен туугандары табышкан.

Буга байланыштуу Нарын районунун Учкун айылына караштуу Көк-Жар тилкесине Нарын шаардык куткаруучулар тартылып, анын сөөгүн туугандарына өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Аны издөө учурунда кийимдери “Нарын” дарыясынын жээгинен табылган.

Мындан улам ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын Нарын шаардык жана райондук ӨК бөлүмдөрүнүн куткаруучулары жана туугандары менен биргеликте бир нече топторго бөлүнүп, дарыя жээктеп издешкен. Издөө иштеринен жыйынтык болбогондуктан издөө убактылуу токтотулган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы тарабынан берилди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты