Нарында 80 жаштагы карыяны издөө иши убактылуу токтотулду

  • 2 года мурун

Дайынсыз жок болуп жаткан Нарын шаарынын 80 жаштагы Т.Ж. аттуу тургунун издөө, буга чейинки иштерден натыйжа болбогондугуна байланыштуу  убактылуу токтотулган.

Бул тууралуу өзгөч кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билддирди.  

Жайдын аптабында күн ысып, “Нарын” дарыясынын суусу кирип, издөөгө мүмкүн эмес жагдай жаралган.

80 жаштагы карыя үйүнөн кечинде чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Аны издөө учурунда кийимдери “Нарын” дарыясынын жээгинен табылган. ӨКМ куткаруучулары карыяны 29-июндан 9-июлга чейин издешкен.

Бул боюнча кошумча маалымат берилери айтылды.

Сүрөт: издөө учурунан. ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты