«Мындан ары кримчөйрө, кримкасса деген болбойт». УКМК төрагасынын кайрылуусу

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбук баракчасы аркылуу жарандарга, ишкерлерге кайрылып,  мындан ары кримчөйрөсүнө акча бергендер да, “крим чөйрөсүмүн” деп барып кимдир-бирөөлөрдү коркутуп акча алгандар да жазалана турганын эскертти.

-Кимде ким кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрүнө акча берип жүргөн болсо, мындан ары токтоткула. Эгер дагы деле каржылоону уланта турган болсоңор, силер да жооп берип каласыңар.

Криминалдар буга чейин көптөгөн бизнестерден, бизнесмендерден, керек болсо инвесторлордон акча алып жүргөндөрү, бирөөлөрдүн мүлктөрүн тартып алгандары аныкталып жатат. Кимде ким буга чейин жабыркаган болсоңор УКМКга кайрылгыла.

Эми баарыңарга эскертебиз: мындан ары крим чөйрөсүнө бергендерди да, крим чөйрөсүмүн деп барып кимдир бирөөлөрдү коркутуп акча алгандарды да жазалайбыз. Мындан ары Кыргызстанда крим чөйрөсү, крим кассасы деген болбойт” деди УКМК төрагасы.

Буга чейин Бишкекте кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынды. УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты