2026-жылдан тартып жеке автомектептер мамлекеттик мектеп катары иштейт. Андагы окуу 14 айга созулат
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 5-ноябрда, түз эфирде президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев айдоочуларды даярдоо боюнча айтылган иштер реформанын аркасында ишке ашарын айтты. 2026-жылдын башынан тартып, жеке автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Окуу 14 айга созулат.
Эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр акысыз алмаштырылат. 2026-жылдан тартып өлкөдө жеке менчик автомектептер ишин токтотуп, мамлекетке өтөт жана алар кадимкидей иштей берет. Жаңы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн автомектепте окуу 14 айга созулат. Окутуулар онлайн өткөрүлөт.
Буга чейин президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 2026-жылдын башынан тартып жеке автомектептер жабыла турганын билдирген.
Акыркы учурларда жол кырсыктары көп катталууда. КаныбекТуманбаев жеке автоунаа мектептеринде айдоочулук күбөлүктү сатып алып жатышканын, эки саат практика өтүп коюп, анын айынан көп жол кырсыктары катталып жаткандыгын белгилеп өттү.
Президенттин иш башкаруучусунун биринчи орун басары Бообек Салимжанов жол кырсыктары тууралуу маалымат берип, айдоочулук окуу кандай болоруна токтолду:
-2024-жылы Кыргызстанда 7423 жол кырсыгы катталган, андан 514 адам каза болгон, 636 адам жаракат алып жатат. 2025-жылдын тогуз айдын ичинде эле 9078 жол кырсыгы катталып, 636 адам көз жумган. Бул дээрлик күн сайын ондон ашык кырсык болуп, ар бирине бир нече адамдын тагдыры байланган дегенди билдирет.
Эмнеге бир жыл 14 айга чейин окуу мөөнөтүн узарталы деп жатабыз? Бул убакытта айдоочу, этика тууралуу сабак жок. Ошол сабакты киргизип жатабыз. “Биз окуу системасын башынан баштап толук өзгөртөлү деген чечимге келдик. Себеби азыр күбөлүк алган адам болгону 2,5 ай окуйт экен, анда 10-12 гана сабак болот экен. Окуп жаткан адам машинеге отуруп, алдыга-артка айдаганды гана үйрөнөт экен. Болду. Биз болсо башкача программа киргизели деп жатабыз. Негизгиси машине жөнүндө жалпы түшүнүк алсын деп жатабыз” деди Бообек Салимжанов.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




