Мыйзам бузулбашы керек. Бекешев ЖКда «Азаттыктын» банк эсебинин бөгөттөлүшү боюнча маселе көтөрдү

  • 1 год мурун

Бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев «Азаттык Медиа» мекемесинин банктагы эсебинин сот чечими жок бөгөттөлүшү тууралуу маселе көтөрдү.

-Чындыгында банктагы эсептин бөгөттөлүшүнө мыйзамда үч эле негиз бар. Биринчиси бул -салыктан карызы болсо, экинчиси арам акчаны адалдап, террорчуларга жана экстремисттерге акча которсо, үчүнчүсү, сот чечими болсо гана бөгөттөлөт. Көпчүлүгү бул «Азаттыкка» гана тиешелүү маселе деп ойлошу мүмкүн. Бирок мыйзамдар бузулбашы керек. Бул өтө жаман көрүнүш, себеби башка тышкы инвесторлор, ички бизнесмендер дагы «бардык эле эсептерди ушинтип бөгөттөп койсо болот турбайбы» деген ойдо калат. Бул банк сектору үчүн өтө терс көрүнүш. Алмасбек Акунжанович, «Азаттыктын» банк эсеби эмне себептен бөгөттөлгөнү тууралуу так маалымат берсеңиздер. Чындыгында жаман көрүнүш болуп жатат» деди Бекешев.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтына расмий түшүндүрмөсүз  эки айга жабуу чечимин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай эркин медианын үнүн басуу Кыргызстандагы демократияга көлөкө түшүргөн — авторитардык ыкма экенин билдирген.

27-октябрда министрликтин адистери «Азаттык Медиа» мекемесинин каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс, Human Rights Watch уюму, «Журналисттерди коргоо комитети» баштаган бир катар эл аралык уюмдар “Азаттыктын» сайтынын бөгөттөлгөнүн сындады.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты