Депутаттын мурдагы аялы андан зомбулук көргөнүн билдирди. ИИМ ишти териштирет

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы аялы Асел Азаматова Тредс социалдык түйүнүндө үй-бүлөлүк зомбулукка кабылганын айтып чыкты. 2022-жылы кош бойлуу кезинде жана андан кийин катуу сабалып, ошол кезде укук коргоо органдарына кайрылгандыгын билдирди.  

Бирок ал кезде күйөөсүн кечирип койгон. Бирок зомбулук токтобой, ажырашууга арыз жазган. 2024-жылдын 6-апрелинде мурдагы жолдошу аны үч баласынын көзүнчө сабаганын билдирип, кайрадан милицияга кайрылган.

Ички иштер министрлиги бул окуя көзөмөлгө алынганын, тийиштүү чара көрүлөрүн билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов бул боюнча үн ката элек.

Сүрөт: Элдар Сулайманов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты