Токмоктогу окуучулардын мушташы: Милиция ишти териштирүүдө    

  • 1 месяц мурун

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) тарабынан Токмок шаарындагы №12 жана №1 мектептердин окуучуларынын мушташы боюнча тергөөгө чейинки иш-аракеттерди жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Чүй ОИИБ басма сөз кызматы билдирди.   

3-апрелде Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгына (ИИБ) 1975-жылы туулган И.Р. 10-11-класстын окуучуларынын мушташы жана анын уулунун жабыркашы боюнча чара көрүү үчүн кайрылган. Анын 2008-жылы туулган уулу И.А. 3-апрелде саат 11лерде мушташтан улам оор жаракат алганын билдирген.

Бул факты Токмок шаардык ИИБге катталып, тергөөгө чейинки аш-аракеттер жүргүзүлгөн. Анда 3-апрелде саат 11:30дарда Токмок шаарынын №1 мектебинини 10-классынын окуучулары И.А., К.Р., А.А. жана Ю.М. жол кыймылынын жаш инспекторлору конкурсу боюнча №12 мектепте барышкан. Ошол убакта окуучулар — К.Р. жана Э. айтыша кетип, анын айынан №1 жана №12 мектептин окуучулары жапырт мушташка кирген. Натыйжада И.А. жабыркап, шаардык ооруканага түшкөн.

Учурда мушташка катышкан №12 мектептин окуучулары аныкталып жатканы айтылды. Бул факты боюнча соттук-укуктук экспертиза дайындалып, материал боюнча текшерүү улантылууда.

Сүрөт: Чүй ОИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты