УКМК: Тергөө жүрүүдө. Чүй университетинин студенттерин башка окуу жайларга бөлүштүрүү чаралары көрүлүүдө
- 4 недели мурун
Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинин иши боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Андагы маалыматта айтылгандай, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу негизинде, кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын алкагында тиешелүү тергөө жана ыкчам ишчаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат.
1994-жылы билим берүү мекемесин куруу үчүн Султан Мамбеткалиевдин атынан иш алып барган республикалык жогорку колледжге, азыркы Мамбеткалиев атындагы Чүй университетине Бишкектеги Сүйүнбаев-Осмонкул көчөсүндө (мурдагы Карпинский жана Набережная көчөлөрү) жайгашкан 1, 10 гектар жер тилкеси берилген.
Султан Мамбеткалиев каза болгондон кийин аталган университетти иш жүзүндө анын кызы Чолпон Мамбеткалиева жетектеген.
Бирок 30 жыл убакыт бою ректорат билим берүү системасын кеңейтүүнүн жана өнүктүрүүнүн ордуна жогоруда айтылган 1,10 гектар жер тилкесин өз алдынча жер тилкелерине бөлүп, алардын максаттуу багытын өзгөртүү менен үчүнчү жактарга сатып келген.
Мындан тышкары сатылып кеткен эки жер тилкесине көп батирлүү үйлөр курулган. Ал эми калган жер тилкеси максаттуу колдонулбай, фаст-фуд жайларына ижарага берилген.
Университеттин аймагынын бир бөлүгү жкее менчикке өткөрүлүп берилген. Ал жерде ректордун үй-бүлөсү Чолпон Мамбеткалиева жашаган эки кабаттуу турак жай курулган.
Мамбеткалиевдердин үй-бүлөсү билим берүү мекемесин жеке мыйзамсыз баюунун булагына айландырышкандыгы айтылат.
Учурдагы тергөө мыйзамсыз алынып кеткен мүлктү ээлеп алуу фактыларын аныктоо жана анын мыйзамда белгиленген тартипте мамлекетиин менчигине кайтарып алуу максатын көздөйт.
Ошол эле учурда компетенттүү органдар жогоруда аталган университеттин билим берүү ишмердигин текшеришет. Маалыматта белгиленгендей, документтерге ылайык, анда болгону 800 студент окуйт. Бирок алардын саны бир кыйла аз, бул сабактарга жана квалификациялык экзамендерге катышпаган адамдарга диплом берүүгө алып келет.
Ошол эле учурда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттерди башка колледждерге жана университеттерге бөлүштүрүү боюнча чараларды көрүп жатат.
УКМК социалдык тармактарда Чолпон Мамбеткалиева коомдук пикирди калыптандыруу максатында жеке пайда табуу үчүн эмоционалдык билдирүүлөрдү жасап жаткандыгын белгиледи.
Сүрөт: Интернет булактарынан




