“Мурас” фондуна президенттик фонддон 13 млн сом бөлүү чечими кабыл алынды

  • 1 год мурун

«Мурас» фондуна президенттик фонддон 13 миллион сом бөлүп берүү чечими чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында кабарлады.

«2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери бизге Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын билдирген.  Ал маалыматтарга ылайык, кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. X кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганы айтылган. Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.

Мындан улам “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн тийиштүү каражаттарды таап, жардам берүү өтүнүчүн келтирип, Президент Садыр Жапаровдун дарегине кат менен кайрылган.

Президенттик фонддон 13 миллион сом бөлдүрүп берүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Жакынкы арада аталган каражаттар “Мурас” фондунун эсебине которулат» деп билдирди Султанбаев.

Мындан төрт был мурун Кытай расмий жазма булактарында кыргыздардын биздин заманга чейинки Х кылымдагы маалыматтары табылганы маалым болгон.

«Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүндө биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу материалдар табылды» деп билдирген 2019-жылы «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов.

Архивдик сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты