Кыяс ​Молдокасымов: “Кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылды»

  • 5 лет мурун

Кытай расмий жазма булактарынын маалыматтарына караганда кыргыздардын биздин заманга чейинки Х кылымдагы маалыматтары табылды.

«Кытай Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун окумуштууларынын кытай жазма булактарын жана архивдик документтерди иликтөөсүндө биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу материалдар табылды», — деп билдирди «Мурас» коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов.

Ал белгилегендей, Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон сапарында Пекинде КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директорунун орунбасары Тянь Бо жана ушул эле институтка караштуу Евразия изилдөө борборунун директору, профессор Ли Цзиньсю менен жолугушуусунда бул жаңылыкты кытайлык тарыхчы окумуштуулар билдиришкен.

Профессор Ли Цзиньсюнун билдирүүсүндө, кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан жакынкы изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки Х кылымга таандык маалыматтарда бар экенин таап чыкты.

«Азыркы кезде эки багытта изилдөө иши жүрүп жатат. Кыргыздар тууралуу Кытай, Жапон, Корей жана Европа өлкөлөрүнүн тарыхчылардын эмгектерин топтоо жана Кытайдагы музей, китепкана, архивдериндеги жазма булактарын изилдөө. Учурда документтер изилденип, маалыматтар топтолууда» деп билдирди Ли Цзиньсю.

Ал кыргыз тарыхы тууралуу кытай жазма булактарын биргелешип, комплекстүү изилдөө иштери башталганын жана кытайлык окумуштуулар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кыргызстанга келип, жаңы маалыматтар менен кенен бөлүшөрүн билдирди.

Кыяс Молдокасымов буга чейин тарыхчы Сыма Цяньдын «Ши цзи» эмгегинде жолуккан кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 201-жылга таандык болуп келгенин айтып, эми табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылганын белгиледи.

«Бул кыргыз тарыхы үчүн чоң жаңылык жана кубанычтуу окуя», — деп билдирди Кыяс Молдокасымов.

Мындан тышкары, ал кытайлык окумуштуулар жазма булактарды иликтөөнүн жыйынтыгында Манчжу дооруна тиешелүү 2800 беттен турган архивдик документтерди табышканын билдирди. Алар азыркы кытай тилине которулса, дагы жаңы маалыматтар чыгышы мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эске салсак, архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча Кыргызстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык маселесин 2018-жылы июнь айындагы КР Президентинин Кытайга болгон сапарынын айланасында көтөрүлгөн.

Ошол эле жылдын август айында Кытай окумуштуулары менен Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жолугушкан.

Анда кыргыз тарыхына тиешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу маселелери талкууланган.

Мамлекет башчысы «Мурас» фондуна кыргыз элинин тарыхына тиешелүү КЭРдеги архивдик булактарды изилдөө үчүн кытай тарап менен кызматташууну улантууну тапшырган.

Кыяс Молдокасымов 2019-жылы январда Пекинге барып, КЭР Коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун директору, профессор Бу Сяньчунь менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлган. Натыйжада кыска аралыкта кытай окумуштуулары кыска убакта коптогон даректүү документтерди табышкан.

Ал тууралуу жолугушуу учурунда Президентке маалымат беришти.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты