Москвадагы “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат
- 2 месяца мурун
Москванын “Сахарово” борборунда 75 кыргызстандык кармалып турат. Бул тууралуу Кыргыз Республкасынын Россия Федерациясындагы элчилик билдирди.
18-февралда КР элчилигинин кызматкерлери эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен бирге Россия ички иштер министрлигигин Москва шаары боюнча башкы башкармагыныны чет элдиктерди убактылуу кармап туруучу “Сахарово” борборунда болушту.
Анда борбордун жетекчилиги менен жолугушуп, мекендештердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды. Кыргызстандык жарандар борбордо алардын укуктары бузулбаганын айтып, шарттарына даттанышкан эмес.
Ал учурда борбордо 75 кыргызстандык кармалып турган, алардын жетөө — аялдар.
2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын 67 миңге жакын жараны Россияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн.
ТИМ Россияда көзөмөлгө алынган адамдар реестринен чыгуу үчүн эмне кылуу керек экенин сунуштады.
“Бул категориядагы жарандар көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу, банктык карталарды блоктон чыгаруу жана башка чектөө чараларын алып салуу үчүн өлкөдөгү өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга же Россия Федерациясынан чыгып кетүүгө тийиш. Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган жарандар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Россиянын ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборго) кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүрүлгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү”.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй жол-жоболордон өтүшү керек:
— биометрикалык маалыматыңызды берүү (милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин жана сүрөткө тартуудан өтүү);
— медициналык текшерүүдөн өтүү;
— Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздары жоюу.
Бул учурда, (убактылуу жашоого уруксаты, жашоого уруксаты, эмгектик же жарандык-укуктук келишими) бар жана жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген учурда, аларды реестрден чыгаруу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек.
Ушуга байланыштуу министрлик көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирбөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жакынкы аралыкта бардык документтерин иретке келтирүүнү жана Россияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерди чечүүнү дагы бир жолу сунуштайт.
Сүрөт: Кыргызстандын Россиядагы элчилиги