Россияда көзөмөлгө алынган адамдар тизмесинде 67 миңдей кыргызстандык бар   

  • 1 месяц мурун

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын 67 миңге жакын жараны Россияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

“2025-жылдын 5-февралынан тартып Россия Федерациясында жаңы укуктук режим – өлкөдөн чыгаруу режими киргизилген, ал Россия Федерациясында жүргөн, бирок ал жакта жашоого мыйзамдуу негиздери жок чет өлкөлүк жарандарга колдонулат. Чет өлкөлүк жарандардын бул категориясы көзөмөлгө алынган адамдардын тиешелүү реестрине киргизилет, банк кызматтарынан пайдаланууга, кыймылсыз мүлктү каттоого, транспорт каражаттарын башкарууга, никеге турууга ж.б. 2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын 67 миңге жакын жараны Россияда көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине киргизилип, алардын басымдуу көпчүлүгүнүн банк карталары бөгөттөлгөн” деп айтылат маалыматта.

ТИМ Россияда көзөмөлгө алынган адамдар реестринен чыгуу үчүн эмне кылуу керек экенин сунуштады.  

“Бул категориядагы жарандар көзөмөлдөнгөн адамдардын реестринен чыгаруу, банктык карталарды блоктон чыгаруу жана башка чектөө чараларын алып салуу үчүн өлкөдөгү өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салууга же Россия Федерациясынан чыгып кетүүгө тийиш. Өзүнүн укуктук абалын жөнгө салууну каалаган жарандар Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө тиешелүү арыз менен Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына (Москва шаарында жашаган жарандар үчүн «Сахарово» көп функционалдуу миграциялык борборго) кайрылууга жана иш берүүчү тарабынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин күбөлөндүрүлгөн эмгектик же жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү”.  

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандары төмөнкүдөй жол-жоболордон өтүшү керек:

— биометрикалык маалыматыңызды берүү (милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин жана сүрөткө тартуудан өтүү);

— медициналык текшерүүдөн өтүү;

— Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүгө тийиш болгон милдеттүү төлөмдөр боюнча төлөнбөгөн карыздары жоюу.

Бул учурда, (убактылуу жашоого уруксаты, жашоого уруксаты, эмгектик же жарандык-укуктук келишими) бар жана жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболордон өткөн жарандар көзөмөлдөнүүчү адамдардын реестрине киргизилген учурда, аларды реестрден чыгаруу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органдарына кайрылуу керек.

Ушуга байланыштуу министрлик көзөмөлгө алынган адамдардын реестрине кирбөө үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына жакынкы аралыкта бардык документтерин иретке келтирүүнү жана Россияда мыйзамдуу жүрүүсүнө байланышкан бардык маселелерди чечүүнү дагы бир жолу сунуштайт.

Иллюстрациялык сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты